Кремлдин Астана сүйлөшүүлөрүнө даярдыгы

Астанада саясий сүйлөшүүлөр өтөт

648363
Кремлдин Астана сүйлөшүүлөрүнө даярдыгы

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ушул айдын аягында Казакстандын борбор шаары Астанада өтө турган Сирия сүйлөшүүлөрүндө өлкөсүнүн эксперттер деңгээлинде өкүлдүк кылынаарын айтты.

Песков маалымат жыйынында, Астана сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу даярдыктарынын уланып жатканын белгиледи.

Астана сүйлөшүүлөрүнүн канча мөөнөткө созулаарынын азырынча белгисиз экенин сөз кылган Песков, учурда башка маалымат бере албай турганын айтты.

Түркия менен Орусиянын жетекчилигинде 29-декабрда Сирияда кагылышып жаткан тараптардын ортосунда ок атышпоо келишимине кол коюлган болчу.

Бул процесс ийгиликтүү болгон учурда режим менен оппозициячылдар 23-январда Казакстандын борбор шаары Астанада саясий сүйлөшүүлөрдү башташат.



Тектеш кабарлар