Кот-д’Ивуар премьер – министри арызын берди

Дункандын жаңы конституция менен келиши  күтүлгөн мамлекет башчысынын орун басары  кызматына келери айтылууда

648186
Кот-д’Ивуар  премьер – министри арызын берди

Кот-д’Ивуар  премьер – министри Даниел Каблан Дункан кызматынан кетти. Мамлекет башчылыгынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Даниел Каблан Дункандын жаңы премьер – министр болуп дайындалганга чейин кызматын улантары белгиленди.

Дункандын жаңы конституция менен келиши  күтүлгөн мамлекет башчысынын орун басары  кызматына келери айтылууда.

Парламент тарабынан кабыл алынган жаңы конституциянын ишке кирши үчүн өлкөдө 30 -  октябрда элдик добуш берилген.

Шайлоочунун 93, 42 пайызы жаңы конституцияга «кабыл»  добуш берген. Жаңы конституция менен мамлекеттик башкарууда бир сенат жана бир мамлекет башчысынын орун басарынын болушу пландалууда.

Өлкөнү 1993 – 1999 – жылы башкарган мурунку мамлекет башчысы Генри Конан Бедие мезгилинде да премьер – министрлик кызматын аткарган Дункан 2011 -  жылы азыркы учурдагы мамлекет башчысы Алассан Ваттара мезгилинде тышкы иштер министрлигине дайындалып, 2012 -  жылы да премьер – министр болгон.



Тектеш кабарлар