Кытай менен Улуу Британияны байланыштырган поезд
Поезд 18 күндөн кийин Лондонго жетет.
645042
![Кытай менен Улуу Британияны байланыштырган поезд](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/5c0a/fcce/894e/586e26b604f2a.jpg?time=1718822509)
Кытай менен Улуу Британияны байланыштырган алгачкы жүк ташуучу поезд Чыгыш Кытайдын Чжэцзян аймагындагы Иу шаарынан жолго чыкты. 68 контейнер, күнүмдүк муктаждыктарды камтыган товарларды ташыган поезд 18 күндөн кийин Лондонго жетет.
Поезд Казакстан, Польша, Франция сыяктуу өлкөлөрдөн өтөт. Иу менен Лондондун ортосундагы поезд багыты деңиз транспортунан 30 күн дагы аз убакытка созулат жана аба транспортуна кеткен каражаттын бештен бири гана сарпталат.