Францияда куш тумоосунун артуусу менен 800 миң өрдөк өлтүрүлөт.

Жогорку  Пиреней аймактарындагы өрдөктөр 20 -  январга чейин өлтүрүлөт

645283
Францияда куш тумоосунун артуусу менен 800 миң өрдөк өлтүрүлөт.

Айыл – чарба министрлигинен берилген маалыматта өлкөнүн түштүк батыш аймагында жайылган H5N8 вирусунун 89 оорулууда табылгандыгы жарыяланды. Көрүлгөн чаралардын негизинде Жерс, Дандес жана Жогорку  Пиреней аймактарындагы өрдөктөр 20 -  январга чейин өлтүрүлөт.

Ошол эле вирус 26 -  ноябрда өлкөнүн түштүгүндөгү Пас – де  - Кале аймагында жапайы өрдөктөрдө бар экендиги белгиленген.

Акыркы эки айда бир топ Европа өлкөсүндө ушуга окшогон вирус жайылган.

Чех республиксы менен Словенияда шаршемби күнү биринчи оорулуулардын келгендиги  жарыяланды.

Европа Биримдигинин эң чоң канаттуу өндүрүүчүсү Франциянын түштүк батыш аймагында өткөн жылы да эпидемия чыккан болчу.

Ошол эле учурда Болгарияда да 31 аймакка жайылган куш тумоосунан улам 100 миңден ашуун канаттуу өлтүрүлөт.

Болгариянын азык – түлүк коопсуздугу агенттигинин башкы директорунун орун басары Петя Петкова берген маалыматында Европада жана Болгарияда узун убакыттан бери биринчи жолу ушунчалык ылдам жайылган оору болгондугун белгилеп,  эпидемиядан улам жалпы өлкөдө тоок багуу, союу жана этин иштетүүсүнө чейин бардык чаралардын көрүлгөндүгүн айтты.

Петкова дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок экендигин, калктын негизги гигиеналык эрежелерге ылайык кыймыл кылса оорунун адамдарга  өтүшүнө мүмкүн эмес экендигин белгиледи.

Оорунун үйдөгү жана жапайы канаттууларда ылдам жайылышынан улам жалпы өлкөдө убактылуу куштарды уулоого тыюу салынгандыгы да билдирилди.



Тектеш кабарлар