Кытайдан Лондонго биринчи жүк ташуучу поезд жолго чыкты

Иу батыш поезд станциясынан чыккан поезд Лондонго баруу үчүн 18 күндө 12 миң километр жолду өтөт

643043
Кытайдан Лондонго биринчи жүк ташуучу поезд жолго чыкты

Кытайдан Англиянын борбор шаары Лондонго  биринчи жүк ташуучу поезд бүгүн жолго чыкты. Кытай темир жол фирмасынан берилген маалыматка караганда өлкөнүн чыгышындагы Чжэцзян аймагында орун алган Иу батыш поезд станциясынан чыккан поезд Лондонго баруу үчүн 18 күндө 12 миң километр жолду басып өтөт.

Үй буюмдары, кийим – кече жана сумка сыяктуу товарларды ташыган поезд Казакстан, Орусия, Белорусия, Польша, Германия, Бельгия жана Франциядан өтөт. Кытай эл аралык радиосунун кабарына караганда поезддин жолго чыгуу жери болгон Иу Кытайдан бүткүл дүйнөгө сатылган товарларды өндүрүү боюнча  белгилүү шаар. Ушундайча Лондон, Кытай  - Европа жүк ташуу поездинин кызматына кирген 15 -  шаар болду.

Фирманын маалыматында бул кызматтын Кытай  - Англия соода карым – катнаштарын өнүктүрүү менен бирге Азияны Европа жана Африкага байыркы соода багыты аркылуу байланышууну максат кылган бир базис жана соода желеси болгон «Бир Муун  - Бир Жол» демилгесине да колдоо берери билдирилди.



Тектеш кабарлар