АКШнын Сириядагы абадан операциясы

Операцияда террористтер жок кылынды

643054
АКШнын Сириядагы абадан операциясы

АКШнын жетекчилигиндеги коалиция күчтөрүнүн Сирияда жүргүзгөн абадан операциялары убагында ар кайсы террордук уюмдарга мүчө 8 терррист жок кылынды.

Абадан операцияда Сириянын түндүк-батышында, Жилвегөзү чек ара бекетине жакын жердеги Баб эл Хава менен Сармада шаарын байланыштырган жол бутага алынды.

Борбору Англияда орун алган Сириянын адам укуктарын байкоо үйүнүн билдирүүсүндө 8 террористтин жок кылынгандыгы белгиленди.

Террордук уюм Аль Каида менен байланышы болгон Фетих фронтунун жалган командирлеринен Хатаб аль Кахтани болсо операцияда жок кылынгандардын арасында.

Сирия режимине колдоо көрсөткөн Эбу Өмер Эл Түркистани менен Аль Каиданын Сириядагы уландысынын командири Эбу Маутасем Эл Дейри да учкучсуз учактар менен жүргүзүлгөн операцияларда жок кылынды.



Тектеш кабарлар