Австрия ЕККУнун кезектешкен башкаруучулугун өткөрүп алды

Себастиян Курц Венанын чыгыш менен батыштын ортосундагы көпүрө кызматын ишенимди арттыруучу чаралар үчүн колдонорун айтты

642214
Австрия ЕККУнун кезектешкен башкаруучулугун өткөрүп алды

Австрия Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму ЕККУнун кезектешкен башкаруучулугун 1 -  январдан баштап Германиядан өткөрүп алды.

Австриянын тышкы иштер министрлигинен ишемби күнү берилген маалыматта тышкы иштер министри жана жаңы ЕККУнун кезектешкен башкаруучусу Себастиян Курцтун Укриананын чыгышындагы кризис аймагында жолугушууларды өткөрөрү белгиленди.

Себастиян Курц Венанын чыгыш менен батыштын ортосундагы көпүрө кызматын ишенимди арттыруучу чаралар үчүн колдонорун айтты.

Австриянын бул жылкы кезектешкен башкаруучулугунун максаттарынын арасында кагылышууларды азайтуу, мамлекеттер арасындагы ишенимди ка         йра куруу жана бир топ өлкөнүн коопсуздугун коркуткан радикалдашуу менен күрөшүү орун алды. ЕККУ 57 өлкөнүн мүчөлүгүнөн турат.

 



Тектеш кабарлар