Сирияда ок атпоо келишими күчүнө кирди

Сирияда кагылышкан тараптардын ортосундагы ок атпоо келишими Түркия убактысы боюнча саат 01:00дө күчүнө кирди.

640689
Сирияда ок атпоо келишими күчүнө кирди

Сирияда кагылышкан тараптардын ортосундагы ок атпоо келишими күчүнө кирди.

Түркия жана Орусия кепил сыпаты менен колдоо көрсөткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши тарабынан террор уюму катары кабыл алынган топтор келишимдин тышында калтырылган ок атпоо ишке ашыруусу Түркия  убактысы боюнча саат 01:00дө башталды.

Ок атпоо келишиминин алкагында тараптар абадан кол салуулар менен катар куралдуу ок атууларды токтотууга, көзөмөлдөрүндө турган аймактарды бири-бирине каршы кеңейтпөөгө убада беришти.

Орусиянын президенти Владимир Путин Сирияда Түркия менен Орусиянын кепилдигинде ок атпоо келишимине жетишилгенин жарыялады. Анкара дагы бул темага байланыштуу жазуу түрүндөгү жарыя кылып, Тышкы иштер министрлиги кагылышкан тараптардын ок атпоо үчүн келишим түзүүгө жетишилгенин жарыялаган.

Ок атпоого тарап болгон куралдуу топтордун атынан Анкарада маалымат жыйын өткөргөн Усама Абу Зейд да, оппозициячылдардын меморандумга баш ийе тургандарын, режим күчтөрүнүн да ушундай эле сезимталдыкты көрсөтүүлөрүн күткөндөрүн белгилеп өттү.

Анкара жана Москва 13-декабрда Халеб (Алеппо) шаарынын борборунун чыгышында ок атпоо жана жергиликтүү калктын чыгарылышы үчүн келишим түздү.

22-декабрда эвакуация процессинен кийин эки өлкө ок атпоонун өлкөнүн жалпысында жайылышы үчүн тараптарга сунуштай турган план боюнча да макуладшышты.

Ок атпоонун ийгиликтүү ишке ашырылган учурунда режим жана оппозициячылдар, Түркия менен Орусиянын жол башчылыгында Казакстандын борбор калаасы Астанада саясий сүйлөшүүлөрдү башташат.

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин Сириядагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн Астанада улантууга чечим чыгарышкан.



Тектеш кабарлар