Орусиянын президенти 2016 - жылга баа берди

В. Путин : «Эч ким бизге чече албай турган маселелерди чыгара албайт. Эң негизгиси биздин ийгиликтүү иш алып баруубуз»,- деди

640007
Орусиянын президенти 2016 - жылга баа берди

Орусиянын президенти В. Путин Орусия чече албай турган маселелерди чыгарууга эч кимдин күчүнүн жетпей тургандыгын айтты.

Кремлде жаңы жылдык кабыл алуусунда сөз сүйлөгөн Орусиянын президенти Путин экономикалык жана социалдык тармактагы маселелердин чечилиши үчүн мурунку бир жылга караганда кыйын өткөнүнө карабастан 2016 -жылы дагы жакшы жыйынтыктарды алышкандарын айтты.

В. Путин : «Эч ким бизге чече албай турган маселелерди чыгара албайт. Эң негизгиси биздин ийгиликтүү иш алып баруубуз»,- деди.

Бир тараптан Орусиянын президенти жаңы жылдык кабыл алуусунан мурда 201 6 – жылдын акыркы Орусия Коопсуздук Кеңешинин жыйынына катышты. Жыйында Сирия маселеси бардык жактары менен кенен түрдө каралгандыгы жана башка күн тартип беренелерине баа берилгендиги билдирилди.

 



Тектеш кабарлар