Орусиянын Дамаск элчилигине кол салуу жасалды
Кол салууда каза болгон же жаралангандар болгон жок
639987
![Орусиянын Дамаск элчилигине кол салуу жасалды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/0056/7943/a4eb/5864b36c4120f.jpg?time=1718879608)
Сириянын борбор шаары Дамаскта Орусия элчилигине миномет менен кол салуу жасалды. Кол салууда каза болгон же жаралангандар болгон жок.
Орусиянын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Дамаск элчилигине минометтор менен эки жолу кол салуу жасалгандыгы билдирилди. Маалыматта элчиликтин короосуна түшкөн октордун бирөөсүнүн жарылбагандыгы, экинчи октун болсо элчиликтин участогуна жакын жерге түшкөндүгү белгиленди. Маалыматта жарылбаган окту таасирсиз абалга алып келүү үчүн адистердин чакырылгандыгы белгиленди.
Орусиянын тышкы иштер министрлиги кол салуунун Сириядагы тынчтык аракеттерин саботаж кылууга карата провакация экендигин белгиледи.