Израиль тынчтыкка ээ болгусу келсе араб дүйнөсү менен макулдашуусу керек

Жон Керри БУУнун коопсуздук кеңешинин Палестинадагы еврей отурукташкан жерлеринин себебинен Израиль айыпталган долбоор туурасында сөз сүйлөдү.

640045
Израиль тынчтыкка ээ болгусу келсе араб дүйнөсү менен макулдашуусу керек

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри, Жакынкы чыгышта эки мамлекеттүү чечим табуунун олуттуу коркунуч астында болгонун белгилеп, Израиль бул темада макулдашууга жакындабаган сайын араб дүйнөсү менен чыныгы тынчтыкка ээ боло албай турганын айтты.

Жон Керри БУУнун коопсуздук кеңешинин Палестинадагы еврей отурукташкан жерлеринин себебинен Израиль айыпталган долбоор туурасында сөз сүйлөдү.

Долбоорго калыс добушун берүүнүн Американын баалуулуктарына ылайыктуу экенин белгилеген Керри, тараптарды зомбулукту токтотууга чакырганын кайталады.

Керри: «Израиль эки мамлекеттүү чечим табуу темасында макулдашууга жетише албаса, араб дүйнөсү менен чыныгы тынчтыкка жетише албайт. Еврей отурукташуучулары Палестинанын ичине кирген сайын эки тарапты бөлүү кыйын болот. Ушул себептен еврей отурукташуу жерлери эки мамлекеттүү чечим табуунун алдындагы тоскоолдуктардан бири. Ал эмес көз карандысыз еврей мамлекетинин алдында да тоскоолдук болуп саналат»,-деген серебин салды.

Эч бир өлкөнүн АКШ сыяктуу Израилди колдобогонун белгилеген Керри: «Дос күйгүзүп айтат. Биз да муну кылуудабыз»,-деди.

Долбоордун бул абалы менен да олуттуу кемчиликтерди камтыганын белгилеген Керри, тараптардан зомбулукту токтотууларын талап кылган долбоорду вето кыла албай тургандарын да кошумчалады.

Израилдин каршылык көрсөтүүсүн ашкере кыймыл деп тапканын айткан Керри буларга токтолду: «ДОЛБООРГО КАЛЫС ДОБУШУН БЕРҮҮБҮЗ АМЕРИКАНЫН БААЛУУЛУКТАРЫНА ЫЛАЙЫКТУУ. БУЛ ДОЛБООРДУН ЧЫГЫШ ИЕРУСАЛИМДИН ИЗРАИЛДИН БАСЫП АЛУУСУ АСТЫНДА ЭКЕНИН БЕЛГИЛЕГЕН МУРДАГЫ ДОЛБООРЛОРДОН ЭМНЕ АЙЫРМАСЫ БАР? БИЗ 1967-ЖЫЛДАН БЕРИ МУНУ АЙТУУДАБЫЗ. ПАЛЕСТИНА ЗОМБУЛУКТУ ТОКТОТУШ ҮЧҮН АРАКЕТ КЫЛЫШЫ КЕРЕК, ХАМАСТЫ АЙЫПТАШЫ КЕРЕК. ИЗРАИЛДЕ ДА АКЫРКЫ ЖЫЛДАРДЫН ЭҢ УЛУТЧУЛ КОАЛИЦИЯСЫ БАР. БАТЫШ ШЕРИЯДА ТЫНЫМСЫЗ ОТУРУКТАШУУЧУ ЖАЙЛАР КУРУЛУУДА. ТАРАПТАР БИРИ-БИРИН УРМАТТАБАЙ ЖАТЫШАТ ЖАНА ЧЫНДЫГЫНДА БИРИ-БИРИНЕ ИШЕНИШПЕЙТ».

Буга кошумча 20-январда президенттик милдетин Барак Обамадан өткөрүп ала турган Дональд Трамп, бул тема тууралуу Обама башкаруучулугуна каарын төктү.

Трамп, твиттер эсебинен берген жарыясында «Израиль кемсинтилген бул урмат-сыйсыз мамиленин уланышына уруксат бере албайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар