Иранда 33 миң адам СПИД менен ооруйт

Хормозган шаары бул боюнча эң коркунучтуу аймак

637881
Иранда 33 миң адам СПИД менен ооруйт

Иранда 33 миң адамдын СПИД менен ооругандыгы билдирилди.

СПИДди жугузуп алгандардын 8 миңден ашууну каза болгонун маалымдаган саламаттык сактоо министринин орун басары Али Экбер Сейари, 18 миң кишинин болсо дарылынып жатканын айтты.

Министрдин орун басары акыркы 15 жылдын ичинде СПИДдин жайылышында ылдам өсүү болгонуна көңүл бурду.

Ошондой эле СПИДдин жыныстык жолдор менен жугуу ылдамдыгы жылдын алгачкы жарымында 43 пайызга жеткенин, мунун болсо чоң коркунучтун белгиси экенин айтты.

Ал эми Хормозган шаарынын СТИД темасында эң коркунучтуу аймак экени белгиленип, бул жерде көбүнчө аялдардын ооруга кабылганы билдирилди.

Дүйнө жүзүндө СТИД менен ооруган 78 миллион адамдын 35 миллиону каза болду.



Тектеш кабарлар