Cириядагы лагерде өрт чыкты

Чыккан өрттө 1 бала каза болуп 4 киши жараланды

637594
Cириядагы лагерде өрт чыкты

Сириянын Халеп шаарынын Азез районундагы Есселам лагеринде бир чатырда чыккан өрттө 1 бала каза болуп, бирөөсү оор болгон 4 киши жараланды.

Түркия – Сирия чек арасында Өнжүпынар бажы капкасынын алдындагы чатыр лагерде өрттүн чыгуу себеби азырынча белгисиз. Чыккан өрттө ата Абдүлбахис, эне Баран менен балдары Раван, Нур жана Маран Аваний жараланды.  

Жакындары тарабынан Өнжүпынар бажы капкасына алып келинген жана 112 тез жардам сервиси тарабынан Килис мамлекеттик ооруканасына жаткырылган жаралуулардан 1 жаштагы Маран бардык жардамдарга карбастан кутула алган жок. Абалы оор болгон жаралуулардын бирөөсү болсо Газинатепке жиберилди.

 


Этикеткалар: #Азез , #Халеп

Тектеш кабарлар