Путин менен Трамптын ядролук куралданууга байланыштуу билдирүүлөрү

АКШ менен Орусиянын атаандаштыгы

636263
Путин менен Трамптын ядролук куралданууга байланыштуу билдирүүлөрү

Москва менен Вашингтон ядролук куралданууга басым жасалышы керектиги жөнүндө удаама-удаа билдирүүлөрдү айтышты.

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөсүнүн атомдук аскердик потенциалы үчүн чакырык салса, АКШнын жаңы президенти Дональд Трамп Америка армиясынын атомдук дараметинин арттырылуусу керектигин айтты.

Орусиянын президенти Путин Москвада Коргоо министрлигинин жылдын аягындагы жыйынына катышты.

Жооптуу кызматкерлерден атомдук аскердик потенциалын күчтөндүрүшүн талап кылган Путин, абадан коргонуу системаларына басым жасалашы керектигин белгиледи.

Владимир Путин: «Стратегиялык атомдук күчтөрүнүн потенциалын учурдагы жана өнүктүрүлгөн бардык абадан коргонуу системаларын тешип өтө тургандай ракеталар менен күчтөндүрүшүбүз керек. Берки күчтөрүбүздү да Орусияга карай ар түрдүү аскердик коркунучту жок кыла тургандай деңгээлге жеткиришибиз зарыл»-деп айтты.

Орусиянын потенциалдык бардык коркунучтардан дагы да күчтүү экенин жактаган Путин, алар менменсинген учурда бул абалдын тез эле өзгөрүшү мүмкүн экени боюнча эскертти.

Дональд Трамп болсо өлкөсүнүн ядролук курал дараметинин арттырылуусу керектигин жактады.

Социалдык медиа баракчасынан билдирүү жарыялаган Трамп: «Дүйнө атомдук куралдар темасында өзүнө келгенге чейин өлкөбүз ядролук дараметин кеңейтиши керек жана күчтөндүрүшү зарыл»,- деп айтты.

Адистер АКШнын эскирген ядролук курал базисин жаңылоосу үчүн келээрки 30 жылдын ичинде 1 триллион доллардан ашуун каражат сарпташы керектигин белгилешүүдө.

АКШнын 7 миң 100, Орусиянын болсо 7 миң 300 ядролук куралга ээ экени билдирилди.



Тектеш кабарлар