Орусиянын жаңы ракетасы

Жаңы ракетасы Францияны жок кыла турганчалык күчкө ээ

636014
Орусиянын жаңы ракетасы

Орусиянын президенти Владимир Путин, өлкөсүнүн бардык коргонуу системаларын ашып өтө тургандай ракеталарга муктаждыгы бар экенин айтты.

Москванын 2018-жылы жасап чыгарууну пландаган «RS-28 Сармат» аттуу жаңы ракетасы, дүрмөттөлгөн 10 тонналык куралы менен Францияны жок кыла турганчалык күчкө ээ.

Орусия жайдан бери НАТО менен куралдануу жагынан жарышып келе жаткан абалда.

Англиянын Эстония менен Румыния чек араларына аскер жөнөтүү чечими Москваны каарданткан болчу.

Лондон башкаруучулугу согуштук учактар, танкалар жана аскердик бөлүктөрүн Орусия чек арасына жайгаштырууда.

НАТОго каршылык көрсөтө тургандарын билдирген Путиндин буйругу менен Орусиянын кургактан чек арасы болбогон Европанын ортосундагы жери Калининградга S-400 жана Александр ракета системалары жайгаштырылган болчу.

Польша менен Литванын ортосундагы Балтика деңизинин жээгиндеги шаарда, жаңы ракеталык базанын курулушу көңүлдөрдү бурууда.

Ангарлар буга чейин аймакка алып барылган Александр ракеталары үчүн даярдык көрүп жатышат.

700 километрге чейин учкан Александр ракеталарына өзөктүк дүрмөт такса болот.

Москва айрыкча Польша чек арасына акыркы технологиялар менен жабдылган алыстан башкарылуучу согуштук робот менен робот танка жайгаштырууда.

Суук согуштан бери Орусия чек арасына аскерлерин мынчалык көп чогултпаган НАТО ушул жылдын башында Литвада 11 өлкөнүн катышуусундагы ири аскердик машыгуу өткөргөн болчу.

Батыштык өлкөлөрдүн чатыр уюму НАТО менен Орусия багыттарын так белгилеген абалда.

Орусиянын Крымды кошуп алышы жана Украина менен кагылышуусу, эки тарапты мурда да бетме-бет келтирген болчу.



Тектеш кабарлар