Евро аймагы таркап баратабы?

Евро аймагында таркоо тынчсыздануусу барган сайын күч ала баштады

635950
Евро аймагы таркап баратабы?

 

13 -  сентябрда Нобель сыйлыгын алган экономист Джозеф Стиглиц айткан бул ыктымалды евронун куруучулары да айта башташты. Европа Борбордук Банкынын биринчи башкы экономисти жана евронун куруучуларынан прфессор Отмар Иссинг финансы кризисинин бир жерден бир жерге аттагандыгын белгилеп : «Акырында евро аймагы чыдай албайт жана таркайт»,- деди. Өткөн жумада  Бундесбанк башкаруу кеңешинин мурунку мүчөсү  Тило Саррацин да евронун соңуна чыгышы мүмкүн экендигин айткан.

Кечээ да Германиянын финансы министри Вольфганг Шойбле берген маалыматында эрежелерге баш ийилбесе евро аймагынын таркай тургандыгын айтты. Финансылык мекемелер да ошол эле тынчсызданууда. Sentixтин евро аймагынын бөлүштүрүү индексинин сурамжылоосуна караганда  сурамжылоого катышкандардын 16, 3 пайызы евро аймагынын 12 айдын ичинде таркоосунун мүмкүн экендигин ойлойт. Ройтерстин  сурамжылоосунда  болсо эң аз же дагы көп мүчөнүн 2017 -  жылы евродон чыгарын ойлогондордун катнашы 70 – 75 пайыз.

 

Евро аймагы таркай турган болс эмне болот?

 

- Банкта эсеби болгон бир топ киши акчасын алууда  чоң маселелер чыгат.
 

- Жөнөкөй жарандан фирмаларга чейин кредит  ала албайт. Накталай акча кыйынчылыгы да жаралышы мүмкүн.
 

 - Мамлекет банктарды колдоого мажбур болгондуктан мамлекеттик банкрот келиши мүмкүн.

 - Жаңы акча биримдигин чыгарууга мажбур болгон өлкөлөрдө 30 – 50 пайыздын арасында бир  девальвация болот.

 - Инфляция импорттоло тургандыктан гипер инфляцияга кирилет.

- Өзгөчө Түштүк Европадагы банктардын батышы менен бирдикте түндүк менен да байланышы болгон банктар менен фирмалар да банкрот болот.
 



Тектеш кабарлар