БУУ Сириядагы согушту иликтейт

Согуш кылмыштарынын изилдениши үчүн атайын бир комиссия түзүлүшү боюнча сунуш БУУнун башкы ассамблеясында добушка салынып кабыл алынды.

635546
БУУ Сириядагы согушту иликтейт

Бириккен Улуттар Уюму Сириядагы согушту иликтейт.

Өлкөдө болуп жаткан согуш кылмыштарынын изилдениши үчүн атайын бир комиссия түзүлүшү боюнча сунуш БУУнун башкы ассамблеясында добушка салынып кабыл алынды.

Сунуш 15 каршы 105 макул добушу менен өттү. 52 мүчө калыс добушун беришти.

Ушундайча 6 жылга созулган Сирия согушунда укуктардын тебелениши, согуш кылмыштары жана далилдердин чогултулушу үчүн кеңири масштабдуу изилдөө жасай турган атайын комиссия түзүлүшүнө чечим чыгарылды.

Бул жылыш Сирия согушунда болуп жаткан укуктардын тебеленишинин изилдениши үчүн алгачкы так кадам катары кабыл алынды.

Сирияда Асад режиминен баштап террор уюмдары ДЕАШ жана ЙПГ (ПКК) сыяктуу топтор көп сандаган жарандын өлүмүнүн жооптуусу катары көрсөтүлүүдө.

Бул учурда 4 жылдык мөөнөттөн кийин Халебдин дээрлик толугу Асад күчтөрүнүн көзөмөлүнө өттү.

Сириянын байкоочу үйүнүн жарыясына караганда акыркы оппозициячыл топтор да жарандар менен бирге автобустарга түшүп, шаардын чыгыш жагына алып барылды.

БУУнун байкоочулары болсо азырынча бул маалыматты ырастагыдай абалда эмес экендиктерин айтышты.

Оппозициячылдардын курчоосундагы 2 айылда орун алгандар да чыгарылды.

Фуа жана Кеферея айылдарындагы Асадды жактоочулар да автобустар менен Халебге алып барылды.

Оппозициячылдар менен Дамаск башкаруучулугунун ортосундагы түшүнүшпөстүктөр жана калың жааган кар эвакуация иштерин абдан татаалдаткан.



Тектеш кабарлар