Чавушоглу Москвадагы үч тараптуу жыйындан кийин маалымат берди
Үч өлкө Сирия маселесине чечүүчү жол табуу үчүн чогулду
![Чавушоглу Москвадагы үч тараптуу жыйындан кийин маалымат берди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/7fbd/d130/0f17/5859358f004d3.jpg?time=1718790673)
Орусиянын борбор шаары Москвада Сириядагы кризиске чечүүчү жол табуу үчүн Түркия, Орусия жана Иран үч тараптуу жыйын өткөрдү.
Москвадагы Сирия жыйынына Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф катышты.
Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу үч тараптуу жыйындан кийин маалымат берди.
Министр Чавушоглу: «Сирияда ок атпоонун камсыздалуусу жана мунун Сириянын бардык аймагына жайылуусуна токтолдук. Сирия маселесин саясий жол менен гана чечүүгө болот. Гуманитардык жардам жана ок атпоонун туруктуу болуусу үчүн аракеттерибизди улантабыз»,- деди.
Чавушоглу Сирияда ок атпоо процессинин өлкөнүн жалпысына жайылуусу керектигин да айтты.
Тектеш кабарлар
![Израиль күчтөрү Батыш Шериада зулумдугун улантууда](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/3f67/29b3/2e02/667280a505092.jpg?time=1718790673)
Израиль күчтөрү Батыш Шериада зулумдугун улантууда
Израиль аскерлери жүргүзгөн рейддерде 1 палестиналык өлтүрүлүп, көп сандаган палестиналык жараланды.