Иран Француз Airbus менен да акыркы келишимди түздү

Учактардын келерки жылы тапшырылышы күтүлүүдө

633393
Иран  Француз Airbus менен да акыркы келишимди түздү

Американын Боинг фирмасы менен 80 жүргүнчү учагын алуу үчүн келишкен Иран столго отурган Француз Airbus менен да акыркы келишимди түздү.

Иран аба жолдору менен француз учак өндүрүүчүсүнүн ортосунда акыркы колдор коюлду. 10 миллиард долларлык келишим менен Иран аба жолдору француз фирмаларынан 100 жүргүнчү учагын сатып алат.Учактардын келерки жылы тапшырылышы күтүлүүдө.

Биринчи келишим 5 башка моделде 118 учакты камтыган. Бирок Иран январь айында Airbus 380 моделиндеги учактарды алуудан баш тартты. Сан 100гө түштү...

Акыркы келишим А 320, А321, А 330 жана А 350 болуп төр модель учак сатууну күтүүдө. Өткөн жумада да Иран аба жолдору менен Америка учак өндүрүүчүсү Боингдин ортосунда 80 жүргүнчү учагынын алынышына байланыштуу акыркы келишимге кол коюлган болчу.



Тектеш кабарлар