Брюсселде Халебди колдоо митинги

Халебдеги кол салууларга каршылык көрсөтүлдү

633302
Брюсселде Халебди колдоо митинги

Бельгиянын борбору Брюсселде чогулган жүздөгөн адам, Сириянын Халеб шаарындагы жарандарга карай кол салууларга жана курчоого каршы Европа Биримдигинин имараттарынын алдында митинг өткөрүштү.

Айрым бейөкмөт уюмдарынын демилгеси менен Европа Биримдигинин имараттары да орун алган Шуман аянтындагы митингде демонстранттар: «Халебди куткаргыла», «Үй-бүлөлөрүбүз Халебде», «Халеб өрттөнүп жатат», «Халебде кыргын бар» деген жазууларды жана түрк желегин көтөрүп чыгышты.

Митингдеги маалымат жыйынында: «Халебдеги жарандарга карай кол салууларга каршы ызалуу сезимдерибизди көрсөтө алуу жана Сириядагы жарандардын корголуусу үчүн аракет кылышыбыз керек»,- деп айтылды.


Этикеткалар: #Брюсселде , #аянтындагы

Тектеш кабарлар