Түркия Халебде бир топ чара көрүп жатат

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Жон Керри,Халебдеги акыркы абалдар жана жетишилген ок атпоо келишими тууралуу өз серебин салды.

631811
Түркия Халебде бир топ чара көрүп жатат

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Жон Керри, Сириянын Халеб (Алеппо) шаарында талап кылынган эң акыркы нерсенин аймактын башка бир Сребреницага айлануусу экенин баса белгилеп: «Түркия бир топ чара көрдү жана шаардан дагы көп жарандын чыгарылышына жол башчылык кылууда»,-деди.

Керри, Мамлекеттик катчылыгында катышкан маалыматтандыруу жыйынында Халебдеги акыркы абалдар жана жетишилген ок атпоо келишими тууралуу өз серебин салды.

«Асад режими менен анын шериктештери Орусия жана Ирандын жарандарга карата аесуз кол салуулары жана мыкаачылык кол салууларынын эч качан мыйзамдаштырылышы мүмкүн болобойт»,-деген Жон Керри, Халебде жарандардын өзгөчө Асад режими тарабынан атайын билип туруп жана айырмачылык кылбастан бутага алынганын белгилеп кетти.

Аймакта миңдеген адамдардын камалып калганын түшүндүргөн Керри: «Халебде көргүбүз келген акыркы нерсе, ал аймактын башка бир Сребреница болушу»,-деп айтты.

Асад режиминин бөлүктөрү айырмачылык кылбастан жарандарды бутага алганын белгилеген Керри: «Булар согуш кырсыгы жана кааланбаган кыйратуулар эмес, жарандарды душмандай кырып салуу абалы болуп эсептелет»,деген серебин салды.

Керри, АКШ бийлигинин Орусия жана аймак өлкөлөрү менен «дипломатиялык чечүүчү жол табыш» үчүн көптөн бери аракет кылганын белгилеп, бирок Асад режиминин кол салууларын токтотпогонунун себебинен мунун мүмкүн болбогонун белгиледи.

Учурдагы ок атпоо темасында болсо Түркиянын бир топ чара көргөнүн баса белгилеген америкалык мамкатчы, дагы көп сандаган жарандын аймактан чыгарылышына да Анкара башкаруучулугунун жол башчылык кылганын кошумчалады.



Тектеш кабарлар