Европа Биримдиги-Түркия карым-катнаштары

Европа Биримдиги мекемелери менен Түркиянын ортосунда жыйын өткөрүлөт

631805
Европа Биримдиги-Түркия карым-катнаштары

Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск, Европа Биримдиги мекемелери менен Түркиянын ортосунда келээрки айларда жыйын өткөрүлүшү үчүн иш-чараларды жүргүзүп жаткандарын айтты.

Дональд Туск Бельгиянын борбору Брюсселде кечээ өткөрүлгөн Европа Биримдигинин лидерлер саммитинен кийинки сөз сүйлөөсүндө, Түркия менен жыйын өткөрүлүшүн сүйлөшкөндөрүн билдирди.

«Европа Биримдиги мекемелери менен түрк жооптуу кызматкерлеринин ортосунда алдыбыздагы айларда жыйын өткөрүлүшү үчүн уруксат алдык»,- деген Туск, бирок кайсы күнү өтөөрү азырынча тактала электигин сөз кылды.

Түркия менен диалогду ушул сыяктуу жыйын жана форматтарда улантуулары керектигин түшүндүргөн Дональд Туск: «Аткарылышы керек болгон айрым иш-чараларыбыз бар»,-деди.

Кеңештин төрагасы, аты аталган жыйында түрк жарандарын визадан бошотуу менен катар бажы кызматташтыгы жана баш калкалоочу маселеси темасында кызматташуу сыяктуу көптөгөн көйгөйдүн сүйлөшүлө турганын белгиледи.

Европа Биримдигинин бир кызматкери болсо жыйындын жазында өткөрүлүшү мүмкүн экенин сөз кылды.


Этикеткалар: #Брюсселде , #диалогду

Тектеш кабарлар