Брюсселде Түркия тууралуу жыйналыш өттү

ЕБнин жалпы иштер боюнча кеңеши, Түркия менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнүн келечегин Бельгиянын борбор шаары Брюсселде талкуулады.

630199
Брюсселде Түркия тууралуу жыйналыш өттү

Европа Биримдигинин жалпы иштер боюнча кеңеши, Түркия менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнүн келечегин Бельгиянын борбор шаары Брюсселде талкуулады.

Европа Биримдигинин 27 мүчөсүнүн бекитүүсү менен Түркия менен сүйлөшүүлөрдүн учурдагы абалы менен уланышын көздөгөн текст, кезектешкен жетекчилик жарыясы катары кабыл алынды.

Текстте жаңы темалардын ачылышы боюнча Түркия жасаган оң даярдык иштеринин белгиленгендиги билдирилди.

Түркиянын ар түрдүү тармактарда өзгөчө экономикада ЕБ мыйзамына жакшы деңгээлде шайкеш келгени белгиленген текстте, ЕБнин Түркиядагы Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетин айыптаганы жана Түркиянын демократиялык мекемелерине колдоо көрсөтүлгөнү да кайталанды.

Кеңеш, Түркиянын террор уюму ДЕАШка каршы күрөшүүдө эл аралык коалициянын маанилүү бир шериктеши болгонун баса белгиледи.

Кеңештин мүчөлөрү Түркияда болуп жаткан бардык террордук кол салууларды жана зомбулук окуяларын айыптагандары, түрк калкы менен колдошууда экендиктерин айтышты.

Бир тараптан Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто, ЕБнин коопсуздугунун Түркиянын ырааттуулугуна байланыштуу болгонун, ушул себептен рационалдуу болбогон кадамдардан алыс туруу керектигин айтты.

Биримдиктин түркия менен карым-катнатарында ченемдүү кыймыл кылышы керектигин баса белгилеген Сийярто, Түркия менен Биримдиктин ортосунда март айында жетишилген Артка кайтарып алуу келишимине көңүл буруп, Түркиянын ырааттуулугун буза турган ар бир окуя материк үчүн жаман боло турганын айтты.

НАТОнун маанилүү мүчөсү Түркиянын  террор менен күрөшүү темасында Европа менен абдан олуттуу кызматташтык кылганын белгилеген венгер министр: «ЕБнин Түкия менен байланышынын улантылышы маанилүү. Түркияга жана түрк калкына урмат-сый көрсөтүлүшү керек. Европа үчүн коопсуздук коркунучу болуучу чечим чыгаруулардан алыс турулушу зарыл»,-деп айтты.

Англиянын Европа жана Америка боюнча жооптуу мамлекеттик министри Алан Дункан да Европа Биримдигинин жалпы иштер боюнча кеңешинин жыйналышынан кийин твиттер эсебинен берген маалыматында Түркия менен ЕБнин ортосундагы тыгыз карым-катнаштардын корголушу керектигин жазды.

Дункан: «Жыйналышта, Түркия менен тыгыз карым-катнаштардын корголушу керектигин күчтүү түрдө жактадым. Көпчүлүк кабыл алды, бирок декларация боюнча макулдашылган жок»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар