Картер - Барзани жана Ибади жолугушуусу

Жолугушууда Мусулду террордук уюм ДЕАШтан куткаруу операциясы жана Сирияда ДЕАШка каршы күрөш каралды

628595
Картер  - Барзани  жана Ибади жолугушуусу

АКШнын коргоо министри Эштон Картер Ирак күрт аймактык башкаруусунун төрагасы Месут Барзани менен жолугушту.

Басма сөзгө жабык өткөн жолугушууда Мусулду террордук уюм ДЕАШтан куткаруу операциясы жана Сирияда ДЕАШка каршы күрөш каралды.
Барзанинин офисинен берилген маалыматта Картердин ДЕАШ менен күрөштө жол башчылык кылгандыгы үчүн Месут Барзани жана пешмерге күчтөрүнө рахмат айткандыгы билдирилди. Айрыкча Картердин өлкөсүнүн пешмергеге логистикалык жана финансылык жардамдын берилиши тууралуу түзүлгөн келишимге баш ийерин тастыктагандыгы белгиленди.

Эштон Картер Ирак сапарынын алкагында оболу борбор шаар Багдатка барып Ирактын премьер – министри Ибади менен жолугушкан. Бул жолугушууда да Мусулду террордук уюм ДЕАШтан куткаруу операциясы, куткарылган аймактарда ырааттуулуктун түзүлүшү жана Ирак күчтөрүнүн куралдандырылышы темалары да каралган болчу.



Тектеш кабарлар