Пакистандагы учак кырсыгы тууралуу жаңы маалыматтар ортого чыкты

Көргөн күбөлөр учак түшкөндөн мурда от алгандыгын билдиришти

626431
Пакистандагы учак кырсыгы тууралуу жаңы маалыматтар ортого чыкты

Пакистанда ички каттамдарга чыкканда кырсыкка учураган жана 47 киши каза болгон учак кырсыгына байланыштуу жаңы маалыматтар ортого чыкты. Учкучтун учактын учушунан бир канча убакыттан кийин текшерүү мунарасы менен байланыш куруп мотордогу бузуктук билдирилип жана жардамга чакыргандыгы белгиленди.

Пакистан эл аралык аба жолдоруна таандык учак Читрал шаарынан борбор шаар Исламабадга бара жаткан.

АРТ – 42 моделиндеги учак Ислмабадга 75 километр аралыктагы Хавелиан шаарынын жакындарындагы бир айылга түштү. Көргөн күбөлөр учак түшкөндөн мурда от алгандыгын билдиришти.

 



Тектеш кабарлар