ДЕАШ Мосулга кол салды

Кол салуусунан 21 киши каза болуп, 35 киши жаракат алды.

625336
ДЕАШ Мосулга кол салды

Ирактын Мосул шаарынын батышында террордук уюм ДЕАШтын кол салуусунан 21 киши каза тапты.

Бомба жүктөлгөн унаа жардырылган кол салуудан 35 киши да жаракат алды.

Ушул учурга чейин буга окшогон кол салуулардын саны 650дөн ашты.

Бир тараптан Ирак армиясы кечээ шаардын түштүгүндө жаңы операция баштады.

Эл Селам мааласындагы оорукананын имараты Ирак күчтөрүнүн көзөмөлүнө өттү.

ДЕАШтык көзгө атарлардын мунаралардан Ирактын аскерлерине ок атканы да билдирилди.

Мосулдун террордук уюм ДЕАШтан тазаланышы үчүн Ирак армиясынын бөлүктөрү, Пешмерге күчтөрү жана көпчүлүгүн Башика лагериндеги түрк аскерлери машыктырган Нинова сакчылары 17-октябрда операция баштаган болчу.



Тектеш кабарлар