Орус космостук кемеси жерге кулап түштү

Ал "Байкоңур" космодромунан учурулган болчу

622075
Орус космостук кемеси жерге кулап түштү

Орусиянын Казакстандын "Байкоңур" космодромунан учурулган учкучсуз жүк ташуучу космостук кемеси талкаланып Сибирге кулап түштү.

Прогресс MS-04түн Сибирдин 190 километр үстүндө белгисиз бузулуунун себебинен талкаланганы билдирилди.

Жүк ташуучу космостук кемесинин бөлүктөрүнүн көбү атмосферага кири электе өрттөнгөнү жана булардын Тува аймагындагы талаага түшкөнү белгиленди.

Жүк ташуучу кеме Эл аралык космостук станцияга 2 жарым тонналык күйүүчү май, суу, тамак-аш жана башка керектүү жабдыктарды алып бараткан.



Тектеш кабарлар