АКШ менен Египет тарыхый чыгармалар боюнча келишти

Египет тарыхый чыгармаларынын АКШга киришине чектөө алып келинди

621338
АКШ менен Египет тарыхый чыгармалар боюнча келишти

АКШ менен Египеттин ортосунда Маданий мүлктөрдү коргоо келишимине кол коюлду. Келишим менен биздин заманга чейинки 5200 – жыл жана биздин замандын 1517 – жылына таандык Египет тарыхый чыгармаларынын АКШга киришине чектөө алып келинди.

АКШнын тышкы иштер министрлигинде түзүлгөн келишимге кол коюу аземине АКШнын мамлекет катчысы Жон Керри жана Египеттин тышкы иштер министри Семих Шүкрү катышты.

Керри : «Бул келишим боюнча көптөгөн жылдардан бери иштеп жатабыз. Келишим  Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы  байыркы буюмдарды коргоого карата биринчи келишим. Эл аралык мааниде абдан чоң күрөш»,- деди.

Маданий мурастарды «орток тарых» деп аныктаган Шүкрү да бул баалуулуктарды коргоо үчүн глобалдык өлчөмдө күрөшүү керектигин айтты.



Тектеш кабарлар