Колумбиядагы учак кырсыгында 6 киши жаралуу куткарылды

Кутулган кишилерден экөөсүнүн абалы оор

620797
Колумбиядагы учак кырсыгында 6 киши жаралуу куткарылды

Колумбиянын мамлекет башчысы  Хуан Мануэль Сантос өлкөсүндө болгон учак казасынан 6 кишинин жаралуу куткарылгандыгын билдирди. Сантос кутулгандардан экөөсүнүн абалынын оор экендигин белгиледи.

Бразилия калкына өлкөсүнүн атынан көңүл айткан Сантос үй – бүлөлөргө жана кырсыктан таасирленгендерге жардам беришерин белгиледи.

Жарандык авиация мекемеси да учактын эки кара кутусунун да табылгандыгын жана кара кутулардын бекем экендигин айтты. Кырсыктан кийин Бразилияда үч күндүк аза күтүү жарыяланып, жүргүзүлгөн териштирүүгө бразилиялык адистер да катышат.

Басма сөздөрдө орун алган кабарларда кырсыктан жаралуу кутулган Шапекоэнсе дарбазачысы 24 жаштагы Жексон Фоллманндын да буттарынын кесилгендигине орун берилди.

72 жүргүнчү жана 9 экипажы болгон учак Боливиядан учкандан кийин барган Меделлин эл аралык аэропортуна конуп жатып кырсыкка учураган болчу. Жүргүнчүлөрдүн арасында Atlatico Nacional футболдук командасы менен ойноо үчүн шаарга барган Бразилия командасы Шапекоэнсенин футболчулары да бар болчу.



Тектеш кабарлар