Иранда абанын булганышы үрөйдү учурат

Иранда абанын булганышынын себебинен жыл сайын 80 миң киши каза болот. Дүйнө жүзүндө кандай?

621018
Иранда абанын булганышы үрөйдү учурат

Иранда 11,5 миллион баланын жашоосу абанын булганышынын себебинен коркунучта турат.

Бул сан Тегерандын абанын сапатын текшерүү фирмасынын отчетунан алынган. Отчетко караганда 2015-жылы Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун көрсөткүчтөрүндө, Иранда абанын булганышынын себебинен жыл сайын 80 миң киши каза болгону, булардын 21 пайызынын уулуу абадан экендиги орун алган.

Расмий статистикалар өтө булгануунун себебинен жалгыз гана Тегеранда жыл сайын 1400 киши каза болгонуна шилтеме кылган. Отчотко караганда Тегеранда өтө булганган аба менен шаарлашкан аймакта 38 миллиондой киши жашайт.

Кхузестан, тынымсыз чаң шамалы менен чулганган Ахваз, Марказидеги өнөр жай шаары Арак жана Ооганстанга коңшулаш Забол аба абдан булганган аймактар.

Заболдо ар бир жайда жергиликтүү түрдө «120 күндүк шамал» деп билинген ысык аба, чаң ашамалдары менен 40 градус жана андан да жогору чыгат. Шаарда өткөн жылы жооптуу кызматкерлер абанын булганышы адаттагыдан 40 эсе көп болгону үчүн элге беткап таркатты.

Машхадда абадагы уу жыл сайын 3200, Исфаханда болсо 2700 кишинин каза болушуна себепчи болууда.

Абанын булганышы дүйнөдө жыл сайын беш жашка чейинки 600000 баланын каза болушуна алып келген фактор.

ЮНИСЕФ тарабынан жаңы жарыяланган бир отчетко караганда дүйнөдө 300 миллион бала, б.а. ар бир жети баладан бири абанын булганышынын эл аралык стандарттардан алты эсе же андан көп болгон  жана эң уулуу деңгээлге жеткен аймактарда жашайт.

Балдардын өпкөлөрү, мээлери жана иммунитет системалары калыптана электигинен жана дем алуу жолдору өткөрүп жиберүүчү болгондуктан аба булганышына карата чоңойгондордон дагы сезимтал.



Тектеш кабарлар