Таиланддын жаңы королу

64 жаштагы ханзада, Чакри династиясынын онунчу королу болду

619769
Таиланддын жаңы королу

Таиландда жаңы король Мах Вачиралонгкорн болду.

«Бангкок Таймс» гезитинин маалыматына караганда, 64 жаштагы принц Мах Вачиралонгкорн парламентте өткөрүлгөн аземде Чакри династиясынын 10-королу болуп жарыяланды.

Мах Вачиралонгкорн 1972-жылы ханзада болду. Салтка жараша 1978-жылы будда храмынында жалгыз жашаган принц, андан соң Королдуктун авиация күчтөрү жана флотунда кызмат кылган.

Ал эми эң узак мөөнөт кызмат кылган король наамына ээ болгон Таиланддын королу Пхумипон Адульядет 13-октябрда дүйнөдөн кайткан болчу. Пхумипон 70 жыл тактыда отурду.

Будда королдук болгон Таиланд 1932-жылдан бери парламенттик монархия менен башкарылууда.



Тектеш кабарлар