Халебдеги акыркы абал

Байыркы түрк журту болгон Халебде түркмөн маалалары жер менен жексен болду.

619987
Халебдеги акыркы абал

Сириялык оппозициячылдардын жогорку рангадагы сүйлөшүүчүсү Жорж Сабра, режим күчтөрүнүн Халебдин (Алеппо) чыгышын каратып алышынын күрөштүн аягы түшүнүгүн бербегенин айтты.

ВВСнин кабарына караганда Башар Асадга каршы согуштун улана турганын баса белгилеген Сабра, бул абалдардын тынчтык келишими тууралуу үмүттөрүн кыйынчылыкка түшүргөнүн белгилеп: «Халеб, төңкөрүштүн маанилүү бир жери, бирок акыркы жери эмес. Учурда Эркин Сирия армиясынын текшерүүсү астында дагы кеңири аянт бар»,-деди.

Сириялык оппозициячыл, ошол эле учурда өкмөт жана шериктештеринин аскердик операцияларынын «саясий процесстин бир бөлүгүн жок кылганын» кошумчалады.

Сирия армиясы жуманын акырынан бери бомбалоолордун да жардамы менен Халебдин түндүк чыгышын толугу менен колго алды.

Куралчан оппозициячыл топтор Халебде көзөмөлүндө турган аймактын үчтөн бирин алдырып койсо, өкмөт дагы жарандык согуштун мындан аркы жүрүшү жагынан маанилүү жеңишке ээ болду.

Орусиянын Коргоо министрлигинин жарыясында да Чыгыш Халебдин жарымынын көзөмөлүнүн оппозиячылдардан режим күчтөрүнө өткөнү белгиленди.

Бул учурда байыркы түрк журту болгон Халебде түркмөн маалалары Бустан Баша, Хүллүк, Хайдарие, Шейх Фарис, Шейх Хыдыр жана Баидин толук бойдон жер менен жексен болду.

Сирия Түркмөн парламентинин жазуу түрүндөгү жарыясында, Халебде 15-ноябрдан бери «дүйнөлүк тарыхтын эң оор бомбалоосу жана жарандык кыргындардын бири» болгонуна көңүл бурулду.

Режим жана шериктештеринин Халебге карай адамзат мамилесине жат кыймылдарында эң көп бутага алынган аймактардын ошол эле түркмөн аймактары болгону баса белгиленген жарыяда, режим колго алган түркмөн маалаларына жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД жана ЙПГ элементтери киргени баса белгиленди.

Халеб шаарында оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү аймактарга жооп берүүчү жарандык башкаруу болсо шаардын курчоосу астындагы чыгыш маалаларын «толугу менен апаат аймагы» деп жарыялады.

Коргоо башкаруусунун жазуу түрүндөгү жарыясында Халебдин чыгыш маалалары толугу менен апаат аймагы деп жарыяланып, бардык гуманитардык жардам мекемелерине режим жана орус учактарынын бомбалоолорунун токтотулушу үчүн кыймылга өтүү чакырыгы ташталды.

Анда, 15-ноябрдан бери шаарда 2 миң абадан кол салуу болгону, замбиректер менен 7 миң жолу атылганы, айрыкча баллистикалык ракета, кластердик бомба жана эл аралык деңгээлде тыюу салынган хлор газы атылганы белгиленди.

Курчоо астындагы  маалаларда көпчүлүгү аял жана балдардан турган 279 миң киши бар, 35 киши дагы эле урандылардын астында жатат.

Бул аймактарда бардык ооруканалар иштеген жери жок, уланып жаткан бомбалоонун себебинен жарандык коргонуу башкармалыгынын шайман жана материалдарынын көпчүлүгү колдонулбай турат.

Миңдеген үй-бүлө курчоо астындагы ички аймактарга баш калкалашты. Эл 94 күндөн бери негизги муктаждыктарын камсыздай албай калышты. 15-ноябрдан бери режим күчтөрү 500дөн ашуун жаранды өлтүрсө, 2 миңге жакыны жараланды.

Бир тараптан БУУнун баш катчысынын Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура жана БУУнун баш катчысынын орун басары, гуманитардык иштер жана өзгөчө кырдаалдар координатору Стивен О'Брайен, Европа Парламентинин тышкы байланыштар комитетинде Халеб кризиси туурасында сөз сүйлөйт.

Мистура, Брюсселдеги жолугушуулары убагында Европа Парламентинин төрагасы Мартин Шульц менен жолугат. БУУнун коопсуздук кеңешинде да Сирия жыйналышы өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар