Иракта катуу жарылуу болду

Борбор шаар Багдаддын түштүгүндөгү Кербелада эскерүү иш-чараларынан кайтып келе жаткандарды бутага алган кол салуу болду.

617268
Иракта катуу жарылуу болду

Террор уюму ДЕАШтын Ирактагы жан кечтилик кол салуусу кан көлдөттү. Борбор шаар Багдаддын түштүгүндөгү Кербелада эскерүү иш-чараларынан кайтып келе жаткандарды бутага алган кол салууда, кеминде жүздөй киши каза таап, көп сандаган киши жаракат алды.

Жарылуу Багдадга 120 км алыстыктагы бир бензин станциясынын ичиндеги ашканада болду.  Тыныгуучу комплексте токтогон шииттер террористтердин бутасы болду. Комплекске бомба жүктөлгөн машина менен жанкечтилик кол салуу кылышты.

Жүздөй киши каза тапкан кол салууда көп сандаган жаралуу да бар. Жарылуунун таасири менен беш автобус өрттөнүп кетти. Кол салууну террор уюму ДЕАШ моюнга алды.



Тектеш кабарлар