Түркиянын Европа үчүн мааниси

Даниэл Кавчинский ТРТ World каналына маек куруп берди.

616182
Түркиянын Европа үчүн мааниси

Кавчинский: «15-июль боюнча Европа укмансанга салып унчукпай турат»

15-июлда Түркияда болгон төңкөрүш аракетин изилдеген Европа Биримдигинин Тышкы байланыштар комитетинин жана Улуу Британиянын парламентинин мүчөсү Даниэл Кавчинский ТРТ World каналына маек куруп берди. Кавчинский 15-июлдан кийинки жагдайларга жана Европанын Түркияга карата мамилесине сереп салды.

Улуу Британия менен катар европалык борбор шаарлардын Түркиянын башынан өткөргөндөрдү укмансанга салып унчукпай турганын белгилеген Кавчинский, Түркиянын Европа үчүн маанисин баса белгиледи. Батыштын же Улуу Британиянын Түркия сыяктуу шериктешинен ажыроо коркунучу барбы? деген суроого: «Ар бир акыл-эстүү европалык бул ыктымалдуулуктан коркушу керек»,- деп жооп берди. Ал сөзүн мындай улады: «Түркиянын ырааттуулугун жана НАТОдогу ролун эске алышыбыз керек. ДЕАШ менен Европанын ортосундагы жалгыз тосмо Түркия болуп саналат. Ошондуктан Түркияны жоготуу Европа үчүн кыйратуучу болот. Орус учагынын Түркиянын чек арасында белгисиз түрдө атып түшүрүлүшүнөн келип чыккан чыңалууга карабастан Орусиянын президенти, Түркия менен мамилелердин оңолушу үчүн ылдам аракет кылды. Эки өлкөнүн маселелүү абалда турганына карабастан Орусия Түркия менен жакшы алакалардын маанисин түшүндү. Түркия эч качан көз жаздымда калтырылбашы керек, бул батыштык өлкөлөрдүн кызыкчылыктары жагынан жагымсыз жыйынтыктарды жаратат. Түркияда биз менен бирдей деңгээлдеги кесиптештерибиз, парламенттин мүчөлөрү Батыш тарабынан жалгыз калтырылгандыгын ойлоп жатышса, биз кайрадан бул адамдарга ишеним беришибиз зарыл».

Кавчинский Түркияны сындап жаткан Европа өлкөлөрүнө кайрылып: «Мен алардан бир саамга туруп ойлонууларын жана Улуу Британияда парламентти таркатуу жана элдин демократиялык эрктүүлүгүн жоюуну каалаган күчтөр тарабынан 241 жараныбыздын өлтүрүлгөндүгүн ойлоп көрүүлөрүн өтүнөмүн. Мындай абалда биз кандай каршылык көрсөтөөр элек деп ойлонуулары керек»,- деп айтты.

«Түрк элине таң берүүдөбүз»

Түркиянын президенти жана премьер-министринин түрк элин көчөлөргө чыгууга чакырышы эрктүүлүк талап кылат деген Кавчинский, бул адамдарга жана төңкөрүштү токтоткон түрк элине таң берип жаткандарын айтты.

«Гүлен кыймылынын бул төңкөрүш аракетине аралашканына шек жок»

Кавчинский маегинде териштирүүнүн биринчи баскычында болгонуна карабастан Гүлен кыймылынын бул төңкөрүш аракетине аралашканына байланыштуу шек жок экенин баса белгиледи. Катталышы керектиги каалоосу менен бул эскертүүнү дагы бир жолу сөз кылды. Гүлен кыймылынын дүйнө жүзүнүн көптөгөн жеринде мүчөлөрү бар экенин, Европа өлкөлөрүнүн да бул коркунуч менен бетме-бет келгенин айтты. Кавчинский Түркиянын Америкадан Гүленди тапшырып берүү боюнча талаптарына да токтолду. «АКШнын президентинин Түркиянын бул талаптарын карап чыгаарына ишенемин. Түркия Ирак менен Сирияда ДЕАШтын жеңилүүсүндө өтө маанилүү роль ойноодо. Жакынкы убакта Ирак элчиси менен сүйлөшүү өткөрдүм жана элчи мага бардык аймак үчүн коркунуч жараткан ДЕАШка каршы Түркиянын жасап жаткан негизги иштерин түшүндүрүп берди. Менин оюмча Америка, Түркияны бир гана ДЕАШка каршы күрөшүү үчүн эмес ошондой эле маанилүү НАТО өлкөсү катары жанында көргүсү келсе Түркиянын тынчсызданууларына кулак салышы керек»,-деди.

«Европа Түркияны стратегиялык өнөктөшү катары эсептеши керек»

Түркия миллиондогон сириялык баш калкалоочуну коргоп, аларга медициналык кызматтарды көрсөтүп өтө маанилүү иштерди аткарып жатканын түшүндүргөн Кавчинский, Европа Биримдигинин баш калкалоочу маселесин башкарууда ийгиликсиз экенин айтты. Түркиянын негизинде маселенин чечилгенин жана Түркиянын стратегиялык өнөктөш катары эсептелиши керектигин белгиледи.

«Европанын Түркиянын мүчөлүгү темасында тең-салмаксыз мамилеси уят кылуучу»

Улуу Британиянын Европадан бөлүнүү чечимин эске салган Кавчинский, Европа тарабынан Түркияга мүчөлүк процессинде туруксуз мамиле кылуусунун уят кылуучу экенин ойлогонун айтты. «Түрктөр Европа Биримдигине сабырдуулук көрсөтүштү. Айрыкча Брюсселдеги айрым бюрократтардын, түрк өкмөтү учурда бетме-бет келген кысым жана мажбурлоолорду түшүнбөй жаткандарын ойлойм. Түркия берки талапкер өлкөлөр сыяктуу бааланбашы туура эмес»,- деди.

Кавчинский январь айында Түркияга келип иш-чараларын дагы да тереңдете тургандарын билдирди.



Тектеш кабарлар