Халепке жасалган кол салууда 4 киши каза тапты

Режимге таандык аскердик учактар Муйеммер районундагы отурукташуу жерлерине кол салды

616196
Халепке жасалган кол салууда 4 киши каза тапты

Сирияда режимге таандык аскердик учактардын Халеп шаарынын чыгышында оппозициячылдар жайгашкан отурукташуу жерине жасаган кол салууда 4 киши каза болуп, 10 киши жараланды.

Жарандык коргонуу жетекчилеринин берген маалыматына караганда режимге таандык аскердик учактар башкарууга каршылардын текшерүүсү астындагы Муйеммер районундагы отурукташуу жерлерине кол салды.

Бомбалуу кол салууда араларында балдар да болгон 4 киши каза болуп, 10 киши да жараланды. Абадан кол салууда 5 кабаттуу имарат бутага алынды.

Жарандык коргонуу топтору имараттын үстүнкү кабатында уранды астында калган эки кыз баланы табышты жана бир кыз тирүү куткарылды.



Тектеш кабарлар