Пекиндеги эл аралык аэропортто каттамдар токтоду

Шаардагы айрым жолдор да транспортко жабылды.

614681
Пекиндеги эл аралык аэропортто каттамдар токтоду

Кытайдын борбору Пекиндеги эл аралык аэропортто калың карга байланыштуу каттамдар токтоду.

Кытайдын улуттук метеорология агенттигинен маалымдалгандай, борбор шаар Пекинде абанын температурасынын дароо төмөндөшүнөн сары эскертүү жарыяланды.

Билдирүүдө айрыкча абанын температурасынын 6-10 градус төмөндөшүнүн жана акыркы 30 жылдын эң суук ноябрь айы болушунун күтүлгөнү белгиленди.

Шаардагы айрым жолдор да муз каптагандыктан транспортко жабылды.



Тектеш кабарлар