Сирияда БУУнун миссиясынын кызмат мөөнөтү узартылды

Орусия болсо миссиянын отчетунун баш – аламан экендигин жактап жана режимдин химиялык курал колдонгондугуна байланыштуу жетерлик далилдин жок экендигин айткан

613408
Сирияда БУУнун миссиясынын кызмат мөөнөтү узартылды

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Сирияда химиялык курал колдонгон тараптардын аныкталышы үчүн БУУнун жана Химиялык куралдарга тыюу салуу уюмдары тарабынан түзүлгөн миссиянын кызмат мөөнөтүн бир жылга узартуу чечимин чыгарды. Кызмат мөөнөтү бүгүн толо турган миссиянын иштерин улантуусу үчүн мөөнөтүн узартууга байланыштуу АКШ тарабынан даярдалган чечим долбоору Коопсуздук кеңешинде добуш бирдиги менен кабыл алынды. Чечимде  химиялык курал колдонгон бардык кишилер, мекеме, группа же өкмөттөрдүн бул кол салуулардан жооптуу экендиги баса белгиленди.

Миссия бир жылдык кызмат мөөнөтүндө БУУ Коопсуздук Кеңеши тарабынан иликтенүүсү кааланган химиялык курал кол салууларын териштирген жана үч окуядан Сирия режимин, бир окуяда болсо террордук уюм ДЕАШтын химиялык курал колдонгондугун аныктады.

Орусия болсо миссиянын отчетунун баш – аламан экендигин жактап жана режимдин химиялык курал колдонгондугуна байланыштуу жетерлик далилдин жок экендигин айткан.

Адам укуктарын изилдөө уюму БУУнун Коопсуздук Кеңешине Сирияда химиялык курал колдонуусуна уруксат берген режимдин жогорку мартабалуу жетекчилерине санкция жасоого чакырган.



Тектеш кабарлар