ИКУга баш катчы шайланды

Ислам Кызматташтык Уюмуна баш катчы Тышкы иштер министрлеринин кезексиз жыйналышында шайланды.

613133
ИКУга баш катчы шайланды

Сауд Арабиянын Мекке шаарында өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Тышкы иштер министрлеринин кезексиз жыйналышында Юсуф аль-Усеймин, уюмдун 11-баш катчылыгына шайланды.

ИКУнун жазуу түрүндөгү жарыясында Меккедеги Сафа сарайында өткөрүлгөн жыйналышта, баш катчылык үчүн жалгыз талапкер болгон др.Юсуф аль-Усейминдин бул кызматка шайланганы белгиленди.

Анда саламаттык сактоо маселелеринин себебинен кызматын таштаган ИКУнун баш катчысы Ияд Медениге кылган эмгектеринен улам ыраазычылык билдирилди жана аль-Усейминдин ант берип кызматын баштаганы белгиленди.



Тектеш кабарлар