Клинтон эл алдына чыкты

Вашингтондо  өткөрүлгөн «Балдарды коргоо фонду» иш чарасында сөз сүйлөгөн Клинтондун  капалуу экендиги байкалды

612917
Клинтон эл алдына чыкты

 АКШда 8 – ноябрда болгон президенттик шайлоодо жеңилген демократтардын талапкери Хиллари Клинтон шайлоодо жеңилгенден кийин биринчи жолу элдин алдына чыгып сөз сүйлөдү.

Вашингтондо  өткөрүлгөн «Балдарды коргоо фонду» иш чарасында сөз сүйлөгөн Клинтондун  капалуу экендиги байкалды. Хиллари Клинтон : «Кабыл аламын; бул жерге келүү мен үчүн оңой болгон жок»,- деди. Шайлоодон кийин бир жума үйүндө отурган Клинтон абалы тууралуу : «Акыркы бир жумада бир канча жолу жакшы бир китепти колума алып иттерим менен бир жерде отуруу жана үйдөн чыгууну каалабаган учурлар да болду»,- деди.

Клинтон  балдар тууралуу иш чарада саясий темаларга аз токтолуп, шайлоодо жеңиш менен чыккан Трамптан эч сөз кылган жок. Трамп башкаруусу тууралуу сөз сүйлөгөн Клинтон : «Балдарыбыз, үй – бүлөлөрүбүз жана өлкөбүз үчүн жасай турган көп ишибиз бар»,- деди.

Өлкөнүн шайлоо атмосферасында биримдик көрүнүшүнөн алыс экендигин айткан Хиллари Клинтон : «Азыркы учурда мүмкүн көрүнбөсө да бир нерселерди кура ала турган орток пайдубалыбыз бар»,- деп үмүт берди.



Тектеш кабарлар