Канадада жабык эшик артында Сирия жыйналышы өттү

Канаданын Сирия темасында эл аралык жыйналыш өткөргөнү белгилүү болду.

611730
Канадада жабык эшик артында Сирия жыйналышы өттү

Узап кеткен жуманын акырында Канаданын Сирия темасында эл аралык жыйналыш өткөргөнү белгилүү болду.

Канаданын тышкы иштер министри Стефан Дион, жазуу түрүндөгү жарыясында сириялык оппозициячылдар, БУУ жана Сириянын жарандык коомдук уюмдарынан өкүлдөр менен 15 өлкөдөн катышуучулар орун алган жыйналыштын, 11-ноябрдан 13-ноябрга чейин  Квебек провинциясынын Мон-Трамблан шаарында өткөрүлгөнүн жарыялаган.

Дион жыйналыштагы талкуулардын Орусия жана Иран тарабынан колдоого алынган Асад режими менен катар душмандыктардын толугу менен токтотулушу үчүн тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кайрадан башталуусуна токтолгондорун белгилеп кетти.

Жыйналышта Сирия калкына тынымсыз гуманитардык жардам жеткириш үчүн шашылыш муктаждык болгон чечим табуунун табылышы боюнча бирдей көз карашта болгондорун билдирген Дион, бул темада дагы көп аракет жумшалышы керектигине токтолгондорун айтты.

Дион: «Канада жана шериктештери Сирия үчүн тынчтык изденүүсүн улантууда. Согушту токтотуу жана тынчтык көз караштарын улантыш үчүн бардык жактарды аракетке өткөрүп кысым кылышыбыз керек. Сирия калкына карай кол салуулардын токтотулушун, толук жана тоскоол кылынбагыдай гуманитардык жардамдардын жеткирилишин, эл аралык укукка толук урмат сый көрсөтүлүшүн жана душмандыктардын кемчиликсиз, ишке ашырылгыдай жана ырасталгыдай түрдө токтотулушу чакырыгын салуудабыз. Дипломатия кем болгондо илгерилөө болбойт жана абалдын баш аламандуулугу эске алынганда эл аралык кызматташуу шарт»,-деген маалыматын берди.

Министр Диондун жабылыш сөз сүйлөөсүн кылган жыйналышта Түркияны өкүлдүк кылган Оттавадагы элчиси Селчук Үналдын аймактагы баш калкалоочу кыймылдары менен Түркиянын Сирия саясатына байланыштуу баяндама жасаганы, жикчил террор уюму ПКК жана Сириядагы уландысы болгон ПЙД террору туурасында катышуучуларды маалыматтандырганы белгиленди.

Басма сөзгө жабык өткөн жыйналышка Канада менен катар АКШ, Англия, Франция, Италия, Дания, Нидерландия, Норвегия, Швеция жана Иордания менен калган айрым аймак өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышканы божомолдонууда.



Тектеш кабарлар