Путин Трамп менен сүйлөштү

Путин жаңы башкаруучулук менен диалог курууга даярбы?

610880
Путин Трамп менен сүйлөштү

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын 45-президенти болуп шайланган Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Путин шайлоодогу жеңишинен улам Трампты куттуктап, жаңы башкаруучулук менен диалог курууга даяр экендигин сөз кылды.

Эки өлкөнүн карым-катнаштарынын жетишсиз деңгээлде экенине көңүл бурган Путин менен Трамп, экономикалык кызматташууну өнүктүрүүнүн маанисин баса белгилешти.

Сирия маселеси да каралган сүйлөшүүдө, эки лидер «орток душман болгон эл аралык терроризм менен күрөшүүдө» кызматташуу түзүлүүсү темасында бирдей пикирде экендиктерин сөз кылышты.

Кремлдин билдирүүсүндө, Путин менен Трамптын телефон сүйлөшүүлөрүн улантуу жана алдыбыздагы күндөрдө бетме-бет жолугушуу темасында макулдашкандары белгиленди.



Тектеш кабарлар