Си Цзиньпин Дональд Трамп менен сүйлөштү

Эки лидер бир канча темада макулдашты

610024
Си Цзиньпин Дональд Трамп менен сүйлөштү

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин АКШнын жаңы президенти болуп шайланган Дональд Трамп менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.

Кытайдын мамлекеттик телеканалынын маалыматына караганда, сүйлөшүүдө Си Цзиньпин Кытай менен АКШнын карым-катнаштарында жалгыз туура тандоонун кызматташуу экенин сөз кылды.

Цзиньпин АКШ менен Кытайдын, ошондой эле дүйнөлүк экономикалык өсүүнүн камсыздалуусу жана тараптардын ортосундагы координациянын күчтөндүрүлүшү керектигин айтты.

Трамп болсо Кытай менен АКШнын карым-катнаштарынын «пайда тап-пайда тап» принцибинин алкагында илгерилей алаарын сөз кылды.

Эки лидер тараптар арасындагы маселелерде пикир алмашуу, жакынкы убакта жолугушуу жана жакын байланышты улантуу темасында макулдашышты.

Эки өлкөнүн ортосундагы маселелерден келип чыккан чыңалууну басаңдатууну каалаган Пекин башкаруучулугу, АКШ менен алакаларында жаңы барак ачкысы келет.



Тектеш кабарлар