Молдовадагы президенттик шайлоодо Игорь Додон жеңип чыкты

Игорь Додон экинчи турда 52, 57 пайыздык добуш алды

610138
Молдовадагы президенттик шайлоодо Игорь Додон жеңип чыкты

Молдовада  президенттик шайлоодо Орусия жактоочусу социалист лидер Игорь Додон жеңип чыкты. Баарына жакыны ачылган үкөк катнашына караганда так болбогон жыйынтыктар социалист лидер Игорь Додондун президенттик жарыштан утуп чыккандыгын көрсөттү.

Игорь Додон экинчи турда 52, 57 пайыздык добуш алып атаандашы Батыш тараптары мурунку билим берүү министри Мая Санду болсо 47, 43 пайыздык добуш ады.

Додон 1996 – жылдан кийин түздөн түз элдик добуш берүү менен шайланган биринчи президент болду. 2000 – жылдан баштап президенттик шайлоонун парламентте өткөрүлүшүн киргизген мыйзам бул жылы Конституциялык сот тарабынан жоюлуп, мурунку системага кайткан болчу. 41 жаштагы Игорь Додон Молдова өкмөтүндө кезеги менен экономика жана соода министрлиги, вице – премьерлик кызматтарды аткарган. Саясий турмушун Коммунисттик партияда баштаган Додон партиянын лидерлиги үчүн кирген жарышта уттуруп Социалист партияга өткөн. 2011 -  жылы Социалист партиянын лидери болгон Додон 2014 – жылы парламенттик шайлоодо партиясын «Орусия менен бирдикте» деген ураанды колдонуп 20,51 пайыз менен биринчиликке чыгарды. Додон президенттик жарышта  шайлоо пропагандасы катары славяндык нарктарды коргоо, Москва менен карым – катнаштарды нормалдаштыруу жана өлкөнүн экономикасын эс алдыруу убадасын берген.



Тектеш кабарлар