Кытай - Пакистан экономикалык коридору

Белужистан аймагындагы Гвада порту колдонула баштады

610142
Кытай - Пакистан экономикалык коридору

Кытай – Пакистан экономикалык коридорунун негизинде курулган Пакистандын Белужистан аймагындагы Гвада порту колдонула баштады. Кытайдан Пакистанга фуралар менен барган товарлар Кытай желектүү кемелерге жүктөлдү. Андан кийин  биринчи экспорт кемеси азем менен жолго чыкты.

Аземде сөз сүйлөгөн Пакистандын премьер – министри Наваз Шериф эл аралык соода үчүн Кытайдын колдоосу менен курулган порттун колдонулуусу менен чет элдик инвесторлорго жогорку деңгээлде коопсуздуктун түзүлөрүн айтты.

Гвада портун иштетүүнү бир Кытай фирмасы 40 жылдыгына сатып алды. Ушунун негизинде Кытай менен Пакистандын ортосунда 46 миллиард долларлык энергетика жана базис келишимдерине кол коюлду.

Кытай 3 миң километрдик жол куруп, Гвада менен Кашгарды бир бирине байланыштырууну максат кылууда. Кытай – Пакистан экономикалык коридору деп аталган бул проекти менен ошол эле багыт боюнча курулган поезд жолдору жана газ – нефть түтүк жолдорунун да курулушу пландалууда.

Гвада порту Орто Азия, Түштүк Азия жана Жакынкы Чыгышты бири бирине байланыштырган стратегиялык жерде орун алууда. Бул порт толугу менен ишке киргенде деңиз жолу транспорту тууралуу аймакта конкуренция күч алат. Порттун Инд океанына түз баруу мүмкүнчүлүгүн бериши да экономикалык жана стратегиялык баасын арттырат. Кытайдын аскердик максаттарынын арасында Инд океанында атаандашсыз бир деңиз күчү болуу  биринчи орунда турат.



Тектеш кабарлар