Германия дагы бир террористке кучак жайды

Эрдоган Германияны «террористтерге баш калкалаткан өлкө» деп мүнөздөгөн жана булардын тапшырылышы үчүн 4500 дело жиберилген.

608847
Германия дагы бир террористке кучак жайды

Президент Режеп Таййип Эрдоган «террористтерге баш калкалаткан өлкө» деп мүнөздөгөн жана булардын тапшырылышы үчүн 4500 дело жиберилген Германия, эң акырында жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДнын корбашчысы Салих Мүслимди конок кылды.

Террорист Салих Мүслим, Германия Федералдык парламентинде (Бундестаг) сол партиялык эл өкүлдөрү менен жолукту.

Террорист, Бундестагдын ичинде орун алган ашканада 2 сааттай сол партиялык эл өкүлдөрү Севим Дагделен жана Хайке Хансел менен тамак үстүндө сүйлөштү.

Жакасында кириш карточкасы болгон Салих Мүслим жана аны коштогон делегация андан соң Бундестаг жайгашкан аймактан чыгып кетти.

Жолугушуунун Бундестагдын террор уюму ДЕАШка каршы күрөшүүнүн алкагында немис аскерлеринин Аданада орун алган Инжирлик базасындагы кызмат мөөнөттөрүнүн 2017-жылдын 31-декабрына чейин узартылышы жөнүндөгү талкуу жүрүп жаткан ушул мезгилде болушу өзүнчө бир чатак болду.

Президент Эрдоган өткөн аптадагы жарыясында: «Демократиялык бир өлкөнүн Европа Биримдигинин алдыңкы өлкөсүнүн террор уюму катары кабыл алган бул уюмдун (PKK) мүчөлөрүн коргоосун мен түшүнө албай жатамын. Германия биз сиздин ушул убактагы турушуңуздан кооптонуп жатабыз, сиз террорго калкан болуп жатасыз, калкан. Бул террор балээси эй Германия бумеранг сыяктуу сизди дагы урат. Түркия катары сизден күтүүбүз жок, бирок сиз террорду баш калкалаткан үчүн тарых бою эскерилесиз. Германиянын эми болсо атайылап ФЕТӨнүн (Фетуллахчы террор уюму) арка бакчасына айлануусунан санааркап жатабыз. Террор уюмдары чаян сыяктуу болот. Чагат»,деген.



Тектеш кабарлар