Орус кемелери Нидерландиянын кемесин алыстатты

Суу асты менен жүрүүчү кемеси кантип алыстатылды?

607712
Орус кемелери Нидерландиянын кемесин алыстатты

Орус согуштук кемелери Жер ортолук деңизде Нидерландияга таандык суу асты менен жүрүүчү кемесин алыстатты.

Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, 2 орус согуштук кемесинин «Адмирал Кузнецов» аттуу учак кемесине жана аны коштоп жүргөн кемелерге 20 километр алыстыкта суу асты менен жүрүүчү кемени аныктаганы белгиленди.

Билдирүүдө коркунучтуу маневр кылган суу асты менен жүрүүчү кеменин аймактан кетээр алдында бир саат бою учак кемесине байкоо салганы сөз кылынды.

Орусиянын Коргоо министрлиги суу асты менен жүрүүчү кеменин кантип алыстатылганы жөнүндө маалымат берген жок.



Тектеш кабарлар