Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болуп шайланды

Дональд Трампка куттуктоолор айтыла баштады

607313
Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болуп шайланды

Америка Кошмо Штаттарынын 45-президенти Дональд Трамп болду.

Республикачыл талапкер Дональд Трамп Флорида, Огайо, Түндүк Каролина, Айова жана Пенсильвания сыяктуу маанилүү штаттарда жеңишке жетишип делегат санын 289га жеткирди.

Демократ партиянын талапкери Хиллари Клинтон болсо Калифорния жана Невада штаттарында жеңишке жетишти. Клинтондун делегат саны 218ге жетти.

Республикачылдар Сенат жана Өкүлдөр палатасында да басымдуулук кылды.

Ушул учурга чейин саналган добуштарга караганда республикачылдар 205, демократтар болсо 138 эл өкүлүн Өкүлдөр палатасына жөнөтө алат.

Сенатта болсо республикачылдар 52, демократтар да 48 мүчө менен орун алышы күтүлүүдө.

Трамптын шайлоону жеңишинен кийин куттуктоолор да айтыла баштады.

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын жаңы президенти болуп шайланган Дональд Трампка куттуктоо билдирүүсүн жолдоду.

Кремлдин расмий интернет баракчасында жарыяланган куттуктоо билдирүүсүндө Путин Орусия-АКШ карым-катнаштарынын кризистен чыгарылышы, эл аралык күн тартиптеги маселелердин чечилиши жана дүйнөлүк коопсуздук коркунучтарына каршы чечүүчү жол изделиши боюнча чогуу иштешүүнү үмүт кылгандарын белгиледи.

Путин Москва менен Вашингтондун ортосунда тең салмактуулук, эки тараптуу урмат сый жана бири-биринин абалын көз жаздымда калтырбоо принциптерине багытталган структуралык диалог түзүлүүсүнүн эки өлкөнүн эли жана бүткүл дүйнөнүн кызыкчылыктарына жооп берээрин баса белгиледи.

Орусиянын лидери Путин АКШнын президенти болуп шайланган Трампка жаңы кызматында ийгилик каалады.

Орусиянын Инвестиция фондунун жетекчиси Кирилл Дмитриев болсо Трамптын президент болушу геосаясий чыңалууну азайта турганын белгиледи.

Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Дональд Туск жана Европа Комиссиясынын төрагасы Жан Клод-Юнкер Трампты куттуктап, АКШ менен Европа Биримдигинин эң кыска мөөнөттө чогулуусун каалашты.

Франциянын президенти Франсуа Олланд Трампты куттуктады жана шайлоонун жыйынтыгынын белгисиздик мезгилди ачканын айтты. Олланд Европаны баалуулуктарын коргоо үчүн биримдиктүү болууга чакырды.

Нидерландиянын Исламга каршы болгон ашкере оңчул партиясынын жетекчиси Герт Вилдерс болсо Америкадагы шайлоонун жыйынтыгы үчүн «тарыхый жеңиш» деп сереп салды.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтонберге да Трампты куттуктап, аны менен сүйлөшүүнү чыдамсыздык менен күткөнүн айтты.

Япония болсо дароо мүмкүнчүлүктөн пайдаланды. Япониядан бир делегация кесиптештери менен таанышуу үчүн Вашингтонго барды.

Европадан айтылган алгачкы расмий билдирүүлөр түздөн-түз куттуктоолорду камтыган жок.

Европа Биримдигинин тышкы байланыштар боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини социалдык тармактагы билдирүүсүндө: «Америка менен саясий өзгөрүүдөн таасир албагыдай түрдө терең алакаларыбыз бар»,- деди.

Германиянын тышкы иштер министри Франк Штайнмайер «Трамптын жеңишин кабыл алышыбыз керек»,- деп айтты.

Германиянын канцлери Ангела Меркель да Трампты куттуктады.

Европа Парламентинин төрагасы Мартин Шульц Трампты куттуктап, бирок карым-катнаштарынын оңой болбой турганын белгиледи.

Ирандын президенти Хасан Рухани Трамптын атомдук келишимде артка кадам таштай албай турганын айтты.

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху Израилдин чыныгы досу деп мүнөздөгөн Трампты куттуктады.

Палестинанын лидери Махмуд Аббас да Трампты Палестина мамлекетинин түзүлүүсү үчүн колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Кытай да жаңы президент менен эки тараптуу алакалардын уланышы жана күчтөндүрүлүшү үчүн аракет кыла тургандарын айтты.

Индиянын борбору Жаңы Делидеги ашкере оңчул топ болсо Трамптын президент болуп шайланышын көчөдө бийлеп кутукташты.



Тектеш кабарлар