Идлибге абадан кол салуу

Бирөөсү кош бойлуу эки аял да каза болгондордун арасында...

606476
Идлибге абадан кол салуу

Сириянын Идлиб шаарында отурукташуу аянттарына жасалган абадан кол салууларда жетөөсү бала болгон тогуз киши каза болду. Бирөөсү кош бойлуу эки аял да каза болгондордун арасында...

Жарандык коргонуу жооптуусу Өмер Улван Башар Асад режимине таандык аскердик учактардын Идлибдин Хан Шейхун районунда жарандык отурукташуу аянттарын бутага алган бомбалоосунда ондогон жарандын да жаралангандыгын билдирди.

«Режим жана орус учактары Бинниш кыштагында да отурукташуу жерин бутага алды»,- деген Улван бул кол салууда да жараланган жарандардын  бар экендигин билдирди. Жаралуулардын аймактагы көчүп жүрүүчү ооруканада дарыланып жаткандыгын айткан Улван кол салууларда көп сандаган имараттын чыгымга учурагандыгын да билдирди.



Тектеш кабарлар