Данфорд Ракка операциясы туурасында маалымат берди

Түркия менен АКШ Ракканы ДЕАШтан кантип тазалайт?

605928
Данфорд Ракка операциясы туурасында маалымат берди

Америка Кошмо Штаттарынын башкы штабынын төрагасы Жосеф Данфорд, Түркия менен АКШнын жол башчылыгындагы ДЕАШка каршы эл аралык коалициянын Ракканын тазаланышы, кармалышы жана башкарылышына карата узун мөөнөттүү планда биргелешип иштей тургандарын айтты.

Темага байланыштуу Американын коргоо министрлиги Пентагондун интернет барагында да орун алган кабарда Ракка темасында координацияны камсыздоо үчүн америкалык жогорку деңгээлдеги бир офицердин Анкарада өлкөсүнүн аскердик атташелигинде кызмат кыла турганы билдирилди.

Пентагондун жарыясында, «Операция темасында шериктешибиз Түркияга карата толугу менен ачык болууну каалайбыз»,делди.

Данфорд, башкы штаб төрагасы, армия генералы Хулуси Акар менен дүйшөмбү күнү Анкарада болгон 4,5 саатка созулган жолугушуусуна байланыштуу АКШлык журналисттерди маалыматтандырып, жолугушууда Сириянын Ракка шаарынын ДЕАШтан алынышы аракеттерин талкуулагандарын жарыялады.

Жосеф Данфорд жергиликтүү күчтөр жана Раккага жакын жердеги башка кишилерден турган «туура күчтөрдүн», операцияга жол башчылык кыла турганын жана шаар ДЕАШтан тазаланган учурда да колдо кармалышы жана башкарылышына салым кошо тургандарын белгиледи.

Ракка операциясында басымдуу түрдө араб күчтөрүнө муктаждык боло турганын баса белгилеген Данфорд: «Ушул сыяктуу күчтөр бар. Жөнөкөй сириялык оппозициячылдар бар, электен өткөрүлгөн сириялык күчтөр жана Эркин Сирия армиясы күчтөрү бар»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар