Жаныбар дубал

Германияда дубал тургузулууда

605424
Жаныбар дубал

Германиянын Мюнхен шаарына караштуу Нойперлах Зюд районунда курулган жаңы баш калкалоочу лагерине, райондун элинин талабы боюнча бийиктиги 3.7 метр болгон дубал тургузула баштады.

Суук согуштан кийин буздурулган 3.5 метрдик Берлин дубалынан дагы да бийик болгон бул дубалдын максаты болсо жергиликтүү тургундурды баш калкалоочулардан коргоо.

160 кишилик лагерде көбүнчө жаштар жашагандыктан аймактын эли сотко кайрылып муниципалитеттен лагер менен айылдын ортосуна дубал тургузулушун талап кылышты.

Буга себеп катары болсо Германиядагы баш калкалоочулардын элдин тынчын алып жаткандары көрсөтүлдү.

«Жаныбар дубал» деп мүнөздөгөн Нойперлах Зюд районунун башчысынын орун басары Гуйдо Бухгольц болсо дубалдын коркунучтуулугуна көңүл буруп, анын пропаганда жыттанганын айтты.

Жергиликтүү элден бир түгөй да дубал үчүн: «Доналд Трамп мексикалык баш калкалоочулардан коргонуу үчүн Мексика чек арасына дубал тургузууну пландоодо, биз да Мюнхенде баш калкалоочулардан коргонууга аракет кылуудабыз»,-деп айты.



Тектеш кабарлар